24- март Бүткүл дүйнөлүк кургак учука каршы күнүнө карата Кочкор районундагы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын өз ара аракеттешүүсүн өркүндөтүү багытында ар кандай иш чараларды ишке ашыруу максатында калк арасында кургак учукка каршы күрөшүүнүн бир айлыгы өткөрүлүп, жыйынтыгына чыгып калды.
Пландалган иш чаралар жөнүндө Кочкор жалпы дарыгерлер практика борборунун фризиатр дарыгери Айнура Эсеналиева маалымат берип кетти:
«1- марттан 1- апрель айына чейин Кочкор районунда кургак учукка каршы бир айлык жарыялаганбыз. План боюнча көптөгөн билим берүүчү лекцияларды, семинарларды, сабактарды өттүк. Жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында кургак учук боюнча модулдук видео роликтерди көргөзүү менен кызыктуу, актуалдуу маектерди уюштуруп, макалаларды жарыяладык.
Андан тышкары ПМСП(Первичная Медико-Санитарная Помощь) жана бөлүмдөр арасында кургак учук оорусун алдын алуу боюнча тазалык баракчалардын конкурсун уюштурдук 23 — март күнү конкурстун жыйынтыгын комиссия талкуулап, талаш- тартыш менен эң мыктыларын аныктап беришти.
Комиссиянын талкулоо учуру
Ошону менен өзүм бардык медицина кызматкерлерге семинар сабак өтүп бердим. Сабактын ичинде кургак учук деген эмне, жугуу жолдорун, кургак учук оорусунун белгилери жөнүндө жана кандай дарылануу боюнча кенен маалымат берип кеттим.
Мектеп окууучулар арасында жат жазуу жана спорттук оюндарын уюштурдук. Эң негизги биздин иш чаранын жетишкендигибиз бул район боюнча скрининг жүргүзүү болду (кургак учук оорусун таанып билүү). Буга биз аз камсыз үй- бүлөлөрдүн, мигранттардын жана кургак учук оорусу менен байланышта болгон 740 баланы тандап алдык. Анын ичинен 690 балага манту коюп, рентген изилдөөдөн өткөрдүк. Жыйынтыгында 7 баладан кургак учук оорусу аныкталды, 25 балада манту сынамасы оң чыкты. Ушунун эле ичинен 16 бала химия профилактикасын алып жаткан кези. Өткөргөн иш- чараларыбызга активдүү Кызыл жарым ай коому, ДООР Медиа борбору катышып өзүлөрүнүн көмөктөштүгүн көрсөтүштү.
Акыркы иш чарабыз бүгүн 24- март күнү Кум- Дөбө айылынын №5 ҮДТ имаратында жергиликтүү эл үчүн семинар өтүлдү. Темасы «Кургак учукка каршы стигма жана дискриминация».
25- март күнү конкурстардын жеңүүчүлөрүнүн сыйлоо иш чарасы өтөт.
Нурия Карымбаева