Психикалык саламаттык ден-соолуктун ажырагыс жана маанилүү бөлүгү болуп саналат. Башкача айтканда, психикалык ден-соолук бул – ийгиликтин негизи жана адам өзүнүн ички дүйнөсү менен бирге гармонияда болуу.
Бирок, бүгүнкү күндө, пандемияга байланыштуу өзгөчө кырдаал учурунда бардык жерлерде адамдардын кыжырдануусун, агрессиясын, тынчсыздануусун жана жакындарын жоготуудан пайда болгон кайгыруусун, белгисиздик жана келечек үчүн коркунучту байкоого болот. Бул белгилер адамдын ички гармониясынын жоголушун, психикалык абалдын чайкалгандыгын билгизет.
Барчын Мамытбекова