Кутурма — айыккыс, өлүмгө алып келүүчү коркунучтуу ылаң. Мал жандыктардын саламаттыгын сактоо үчүн бул ылаңдын белгилерин жана алдын алуу жолдорун билиңиз.
Кутурма — бул жылуу кандуу жаныбарларды өлүмгө алып келүүчү вирустук ылаң болуп саналат. Оору борбордук нерв системасына таасир этет.
Бул илдет менен:
Инфекция кантип жугат?
Кутурма оорусунун козгогучу – вирус болуп саналат. Ооруган объекттен ал шилекей аркылуу, айрыкча тиштөө учурунда жугат.
Ошондой эле ылаңдаган мал жандыкты азыктандыруу учурунда жуктуруу мүмкүн. Алгач, вирус көк боорго кирет, андан кийин нерв клеткаларына кирип, алар аркылуу чачырап, нерв системасына таасир берет. Малдарда оорунун инкубация мезгили эки айдан бир жылга чейин созулат. Оору узак убакытка чейин билинбеши мүмкүн, бирок ал организмге кирген соң, 5-6 күн ичинде өрчүйт.
Ооба, ылаңдын белгилерин билүүгө болот. Эгерде сиз бодо малдын нерв системасынан күмөн санап жатсаңыз, алардын жүрүм-турумуна көңүл буруңуз. Кутурма оорусун жуктурганда, төмөнкү белгилер ачык пайда болушу мүмкүн:
Андан кийин кутурма эки багытта өнүгөт: курч жана жеңил мүнөздөгү түрлөргө бөлүнөт.
Кутурманын курч түрү менен ылаңдаган жаныбарда төмөнкүлөр байкалат:
• күтүлбөгөн жерден кыймылдап, бошонууга аракет жасоо, дубалды уруп алуу;
• агрессивдүү жүрүм-турум, башка уйларга жана иттерге ачуулануу;
• уй күркүрөп үн чыгаруусу;
• дем кыстыгуунун белгилери;
• жарыкка ар түрдүү реакция кылган белгилери;
• жегенге мүмкүн болбогон нерселери жеп баштайт (мисалы: таш, жыгач ж.б ).
Оорунун акыркы баскычы болгон шал оорусу болгондо, оорулуу жаныбардын ылдыйкы жаагы түшүп, кулкундун жана тилдин булчуңдары атрофияга учурайт. Андан кийин, арткы буттар иштебей калат. Натыйжада кыймыл дээрлик токтойт.
Кутурма ылаңынын жеңил түрүндө уйлар агрессияны көрсөтүшпөйт. Алар тескерисинче, кош көңүл мамиледе болот. Тез салмак таштап, караңгы жерде болушат. Кыймыл аракет тез эле солгундап, малды шал оорусу басат. Мында уйдун жаагы, кулкун бузулат. Уйга азыкты жутуу кыйын болуп калат, ошондуктан көп тамак жебей калат.
Тилекке каршы, жок. Бул ылаңды дарылоого болбойт. Ошондуктан обочолонгон жаныбар же бүтүндөй бодо мал (эгерде калган малга вирус жукту деген шек саноо бар болсо) союлат. Сөөктөр союлгандан кийин өрттөлөт же жок кылуу үчүн лабораторияга жеткирилет.
Ылаңдаган бодо мал сакталган жай деззинфекцияланышы шарт. Кутурма аныкталгандан кийин, карантин киргизилет. Башка мал жандыктар дагы текшерилип, 10 күнгө обочолонууга алынат. Эгерде малдын саламаттыгынан тынчсызданууга негиз жок болсо, анда алар убактылуу кармоочу жайга кайтарылат.
Ылаңдаган малдын этин жана сүтүн колдонууга тыюу салынат. Анткени, адамдар ушундай жол менен ооруну жуктуруп алышы толук мүмкүн. Мындан тышкары, кутурмага шектелген жана ага каршы эмделген уйдун этин жесе болот. Бирок, муну ветеринар аныкташы керек. Ушундай эле нерсе сүткө да тиешелүү — эгерде инфекция фактысы аныкталбаса жана уй вакцина алган болсо, анда сиз анын сүтүн иче аласыз. Кайсы учурда инфекция адамга жугат? Адамга инфекция ылаңдаган уйдун этин жеп, сүтүн ичкенде жугушу мүмкүн.
Малдарды вирустан сактап калуу үчүн кутурмага каршы эмдөө жүргүзүлөт. Биринчи вакцина 6 айлык курагында музоого берилет. Кийинки эмдөө 2 жылда бир берилет. Эгерде аймакта кутурмага карантин жарыяланган болсо, анда малды эртерээк эмдөөгө болот.
Албетте, эмдөөдөн тышкары, кутурмага каршы көзөмөлдөөнүн кошумча жолдору бар:
• жапайы жаныбарлардын чабуулунан коопсуз шарт түзүү;
• жапайы жаныбарларды жок кылуу;
• малды кайтаруу үчүн колдонулган иттерди эмдөө;
• дени сак малды системалуу эмдөө;
• вирусту эрте аныктоо үчүн шектелген малга узгүлтүксүз байкоо салуу
Вакцинация — малды кокусунан, өлүмгө алып келген оорудан сактоонун эң ишенимдүү жолу.
Шарп ылаңын дарылоо жана алдын-алуу жолдору
Бодо малды сарык ылаңынан сактоо чаралары
Касиет Кубанычбек кызы