Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында ата-тегин изилдөө боюнча санжыра жазуу иштери жүрүп жатат.
Кыргыз элинин жашоосу жана элдердин ортосундагы байланышты аныктоо, билүү максатында изилдөө жүргүзүп, адамдын укугун коргоо максатында иш алып барган инсандар өтө көп болгон. Айыл аксакалдарынын изилдеп чыгуусу боюнча Куу-Майдан тургундарынын атасы Атаке болуп чыкты.
Айыл аксакалы Кожон Абдразаков “Мен буга чейин жети атамды билчүмүн, ошондой эле билгенимди балдарыма да үйрөткөн болчумун, андан кийин аксакалдар ата тегибизди сөз кылганда, жети атам ошондой эле чыкты бирок алмаштырып алган экенмин” деп айтып өттү.
Мектеп окуучусу Нурислам Ибраим уулу “Мен мурун жети атамды жакшы билчү эмесмин, айылда ата-текти изилдөө боюнча санжыра болгондон кийин мен да өз аталарымды билип алдым” деди.
Даярдаган: Хусейн Курсантбек уулу