Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында элдердин көйгөйүнө айланган саздуу жер казылып, суу чыгарылды. Бул жерге 2019-жылдан тартып эгин эгилмекчи.

Бул баткак жердин аянты 20 соток чыгат. Бул баткак жер Куу-Майдан айылынын жашоочуларын кооптондуруп жүргөн, себеби дегенде бул жерге малдар-жандыктар же кичинекей балдар келип байкабастан батып кетпесин деп коркушат. Айыл өкмөтү тарабынан бул жер казылып алынды.

Бул иш чарага айыл өкмөтүнөн 30 миң акча каражаты бөлүнгөн, жана айыл тургундарыда колунан келген жардамдарды көрсөтүштү. Бул иш бир жума аралыгында толук бүттү.
Айыл башчы Кеңеш Асамудиновдун айтымында «Мурун керектүү жабдуулар болбогондуктан иш болбой жаткан. 2018-жылдын аягынан керек болгон техникалар келип иш бүтүрүлдү»-деп билдирди айыл башчысы.
Даярдаган: Медербек кызы Айгерим