Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын тургуну Бегайым Маткалыкова 35 жылдан бери аптекачы болуп иштейт. Азыр деле өз жанын аябай элге жардамын берип келүүө.

Бегайым Маткалыкова 1983-жылы Бишкек шаарынан медучилищанын фармацепт бөлүмүн аяктаган .Окууну бүткөн соң Ноокат районундук ооруканада фарм технолог болуп кызмат өтөгөн. 6 жыл фарм технолог болуп эмгектенип 1990-жылы Кеңеш айыл өкмөтүнө өзүнүн жеке дарыканасын ачкан.

Маткалыкова Бегайым «бул кесипке жаш кезимен эле кызыкчуумун. Михаил Ломоносов мектебинде окуп жүргөндө эле сабактан чыгып аптекага кирчүүмүн. Ошол себеп болду дейм»-дейт.

Азыр Бегайым Маткалыкова Куу-Майдан айылына да өзүнүн жеке дарыканасын ачкан. Сыркоолоп келген айыл тургундарына жанын аябай колунан келишинче жардамын берип келүүдө.

«Бул кесибим менен сыймыктанам. Жаш кезимен эле кыялданып келген кесибим болчу. Кесибимин арты менен көптөгөн мактоо баракчаларды алдым. Бул да менин ийгилигим»-дейт Маткалыкова Бегайым.
Даярдаган: Атиргүл Жигитали кызы
Тренер: Дилнура Абдиламит кызы