Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айылына жаңы футбол аянтчасы курула баштады. Аны Саид Баюми жаштар уюму каржылаган.
Футбол аянтчасынын курулушу 2016-жылдын күз айында башталган. Аянтчага кеткен каражатты Саид Байми жаштар уюму каржылап жатат. Курулуш иштери бүтө элек болсо да айыл жаштары футбол ойноп жаткан учуру.
Бул аянтча айыл жаштарынын ден соолугун чыңдоого чоң салым кошот.
Айыл молдосу Эркин “Бул футбол аянтчасынын курулганы жакшы болду, себеби айыл жаштарынын спортко чакырып жатат. Анан да башка жаман жолго баруудан сактайт деп ойлойм” деп билдирди.
Даярдаган: Тинатин Коңурбаева, Хусейн Курсантбек уулу