Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу 2020-2021 окуу жылы аралыктан окутуу менен башталып, бардык билим берүү мекемелери онлайн билим берүүгө өтүшкөн. Алардын катарында бала бакчалар да бар.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы «Айбийке» балдар бакчасында аралыктан окутууда балдардын катышуусу начар болуп жатканын бала бакчанын жетекчиси Нургуль Абдикаримова билдирди:
«Кээ бир ата-энелердин шарттары болсо кээ бириники жок. Ошондуктан бир топ кыйынчылыктар жаралууда. Балдардын 50%ы гана сабактарга катышууда».
Тарбиячы Санталат Абдыраманова бала бакчадан сабакты балдардын баарына бирдей, оңой жана тез жеткире алсак. Ал эми онлайн түрүндө ар бир балага телефон аркылуу түшүндүрүү кыйын болуп жатканын айтты:
«Балдардын баары жакшы катышпай жатышат март апрель май айларында балдар активдуу катышышкан, жаңы окуу жылында балдардын катушуусу начар».
«Садикте тарбиячыларды жакшы угуп айтканын аткарат, а үйдө болсо ата-энеге эркелейт экен. Сабактарын алдап атып аткарттырам. Кызым бала бакчадагы тарбиячыларды, досторун сагынып жатат.
Үйдө баланын тарбиясына, билимине жакшы көңүл бөлүнбөй калат, айрыкча айыл жергесинде тиричилик көп», — дейт айыл тургуну Салтанат Анваридин кызы.
Ал бала бакчалар тезирээк ачылып кетишин бардык эле ата-энелер каалап жатса керек деп билдирди.
Жалпысынан «Айбийке» балдар бакчасында 100 бала тарбияланат. Эки чоң тайпа, бир орто, бир кичине тайпа бар.
Элет жериндеги бала- бакчаларда эрежелер сакталуудабы
Аймончок Кожонова