Кыргызстанда 30дан ашык метеостанция бар болсо, алардын бири Суусамыр өрөөнүндө жайгашкан.
Метеостанция 1962-жылдан бери иштейт жана анда беш адам эмгектенет. Алар: үч радист, бир агроном жана жетекчи кызмат кылат. Негизги милдети — Суусамырдагы агро жана аба ырайы тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын ӨКМ алдындагы гидрометеорология боюнча агенттикке жеткирүү.
Метеостанциянын аткарган кызматы жана андагы кыйынчылыктар тууралуу жетекчиси метеоролог Даниил Сапышев айтып берди.
Метеостанциянын бир күндүк иши жөнүндө айтып берсеңиз?
— Биздин бир күндук ишибиз эртең мененки саат 5:30 да башталат. Атайын байкоочу эртең менен туруп, бир сутка бою байкоо жүргүзөт. Негизгиси аба ырайынын температурасына, нымдуулугуна, басымына, шамалдын багыты жана булутка жооп берет. Андан тышкары агроном жана кызматкер ар бир он күн сайын карды өлчөөгө чыгып турат. Алар кардын калыңдыгына байкоо жүргүзүшөт.
Метеостанцияда иштөөдө кандай кыйынчылыктар бар?
— Бизде негизги кыйынчылыктар көп эле. Мисалы 24 саат бою метеоролог кандай гана кырдаал болбосун байкоо жүргүзүп турушу керек. Андан тышкары кар өлчөө дагы бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Жакында эле -38 градус суукта биз алты километр жөө басып, кардын абалын текшерип келдик. Бирок катуу суук болуп жатса да биз иштөөгө милдетүүбүз.
Метеостанцияда кандай жаңылануулар бар?
— Ар бир адам өзү каалаган жердин аба ырайын билүү үчүн айына 38 сом төлөп бизге катталса болот жана алдын ала аба ырайы тууралуу маалыматты телефонуна смс билдирүү аркылуу ала алат.
Даярдаган: Зыйнат Самарбек кызы
Мыкты макала сынагына