Кыргызстанда эгиз балалуу үй-бүлөлөр чанда кезигет. Алардын бири Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Байсеркеев Таалай. Учурда каарманыбыздын жети жаштагы Мээрим жана Сезим аттуу эгиз кыздары бар.
Алар Шүкүрбек Бейшеналиев мектебинде даярдоо классында окушат.
Кыздардын апасы Нураизанын айтымында, эгиз кыздарынын келбети, мүнөздөрү, кыймыл-аракети, үндөрү абдан окшош.
— Алыска кетип, көрбөй калса, бири-бирин сагынып ооруп калат. Музыка укканды, сүрөт тартканды, сыналгы көргөндү, китеп окуганды жакшы көрүшөт. Бири ооруса экинчиси да ооруп калат. Кыздар бош убактыларында үй-тиричилигинде апасына жардам берип, бала карашат.
Адатта эгиздер тукум кууйт деп айтылат: ата-бабаларында эгиз болгон болсо, канча убакыт өтсө деле кайсы бир урпагы да эгиз балалуу болушу турган көрүнүш. Ал эми бул үй-бүлөдө Таалай аганын тайлары жакта эгиздер болгон.
Дүйнөдө 70тен 80 миллионго чейин эгиздер жашап келет. Эгиздердин төрөлүүсү ар мамлекетте ар түрдүүчө көрсөткүчтөр менен белгиленет. Акыркы учурлардагы эгиздердин көп төрөлүп жаткандыгын адистер заманбап медицинанын өнүккөндүгү менен түшүндүрүшөт.
Даярдаган: Жылдызбек кызы Алтынай
Редактору: Тажиева Эльнура
Сынак үчүн
Маалымат басылманын менчиги болуп саналат жана көчүрүп басууга тыюу салынат!