Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылынын тургуну Шарабидин Кадырбердиев 36 жылдан бери чөптөрдөн дары-дармек жасап келет.
Шарабидин Кадырбердиев 1962-жылы Кызыл-Кыядагы медициналык окуу жайын бүткөн. Ал эми Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетин сырттан окуп бүткөн. Ал азыркы күндө адамдарга үчүн дары-дармектерди жасап келет.
Каарманыбыз дарыларын кээ бир акчасы жокторго бекер деле бере берээрин айтат.
«Сатканын сатам, сатпаганын сатпайм. Акчасы жокторго болсо, бекерге эле берем», — дейт ал.
Чөптөн жасаган дарылары антисептик, ашказан, өт, боор, ич өткөк жана башка ооруларга жардам берет.
Дары жасаш үчүн бака жалбырак, кырк муун, мала какым, койчуман баштык, шыбак, күрөң шыбак жана башка ушундай сыктуу даары чөптөрдү пайдаланат. Дары чөптөрдөн тышкары дагы суу, спирт, май, йод, уксус жана башка медициналык дарылар колдонулат.
Куу-Майдан айылынын тургуну Амирбек Көргөнбаев «мага ит мурунду ар түрдүү чөптөр менен аралаштырып дары жасап берген. Ал дары менин бөйрөгүмдүн сакайышына жардам берди. Ошондой эле айылдагы башы, ичи ооругандар чөп даары ичип айыгып жатышат” деген сөзүн айтып өттү.
Даярдаган: Айгерим Медербек кызы
Редактору: Хусейн Курсантбек уулу
Сынак үчүн