Кыргызстанда 1995-жылы 17-апрелде Өкмөттүн токтому менен 7-май – Байланыш жана радио күнү катары жана байланыш жана радио тармагынын кызматкерлеринин адистиги күнү катары белгиленип келет.
Бул күндүн тарыхы 19-кылымда башталган. 1895-жылдын 7-майында орустун физиги Александр Попов дүйнөдө биринчи радиоприемникти дүйнө коомчулугуна жарыя кылган.

Улуу Ата Мекендик Согуш учурунда радио калкты фронттон алынган оперативдүү маалымат менен жабдып, тыл менен фронтту байланыштырып турган бирден бир маалымат каражаты катары кызмат кылгандыгы белгилүү. Согуштук катаал мезгилге карабастан, радио совет элинин демине дем кошуп, жеңиш үчүн бардык элдерди ынтымагын бекемдеп, шыктындырган таасирдүү уктурууларды эфирге алып чыккан.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында коомдук саясий уктурууларга айрыкча көңүл бөлүнүп, өкмөт тарабынан 1941, 1943, 1944-жылдары атайын токтомдор кабыл алынган. Согуш жылдарында кыргыз радиосу Бүткүл союздук радионун эң маанилүү программаларын, «Советтик маалымат бюросунун» билдирүүлөрүн, партиянын жана өкмөттүн токтомдорун уктуруп турган. Мындан тышкары Москвадан советтик жана партиялык жетекчилердин сөздөрү, «Правда» газетасынын баш макаласы, «Акыркы кабарлар» бардык радиостанциялардан берилген.
Кыргыз радиосу «Акыркы кабарларынын» чыгарылыштарында Кыргызстанга эшелондор менен алынып келинген жабдуулар, өлкөнүн батыш жана борбордук бөлүктөрүнөн көчүрүлүп келинген ишканалардын кыска убакыттын ичинде ишке киргизилиши жөнүндө маалыматтарды берип турган. Ошондой эле радиожурналисттер Кыргызстандын шаарларында жана айылдарында фашисттик баскынчылардан жапа чеккен советтик адамдардын боорукерлик менен чын жүрөктөн кабыл алынып жаткандыгы тууралуу баяндашкан.

Кыргыз Радиосунда бир кылымга жакын арада, кандай гана чыгармачыл адамдар иштеди. Алардын көбү азыр ардагер кызматкерлер экенин билебиз.
Айта кетсек радиодо Турсун Уралиев, Тенти Орокчиев, Курманбек Өгөбаев, Эркин Тазабеков, Аман Нааматов, Жумакадыр Егембердиев, Жакып Медетов, Сатыбалды Абдымомунов, Мамыр Иминжанов, Бекболот Абдраимов, Саткын Абдрахманова, Диляра Пиваварова, Бегайым Жайчиева жана башкалар эмгектенишкен.
Бул инсандардын эмгектерин кийинки муундар баалап, тажрыйбаларын колдонуп калат деп ишенебиз.
Айыл тургуну Гулмира Бикиева: «Мен дайыма радио угамын. Бүгүнкү күндө деле радио – жашообуздун эң маанилүү бөлүгү, анын жардамы аркылуу биз дүйнөдөгү, региондогу жана өлкөдөгү жаңылыктарды биринчи угабыз, таң эрте маанайды көтөрүп, көңүлдүү иш баштайбыз, кырсыкка кабылган адамдарды сактоого шашылабыз. Радионун бүгүн да ролу зор, чагылгандай тез кабарларды таратуу менен кошо ар бир адамга, коомго, өлкөгө жаркын маанай тартуулайт.»
Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 50гө жакын радиостанциялар иштеп келе жаткандыгы айтылат. Алардын ичинде 2 жамааттык радио бар. Алар Суусамыр жана Тогуз-Торо районунда кызмат кылат.
Турсун Омуралиева