Талас шаарындагы мектептерде жана мекемелерде өрт коопсуздугу боюнча профилактикалык иш-чаралар өтүүдө.
Өрт кырсыктары негизинен жашоочулардын үйлөрүнөн, короо сарайлардын жана талаа- түстөрдөн чыгып, анын бирден бир себеби от менен ойноп, кайдыгер мамиле жасап, же болбосо электр шаймандарын туура эмес пайдалануу экендигин дайыма айтып келебиз. Кайдыгер мамилеге, көңүл бурбоонун акыр аягы өкүнүчтүү өрт кырсыгына чалынтаарын ойлосок калайык калк! Ошондуктан биз от жагуучу мезгил келе жатканына байланыштуу дагы бир ирээт угармандарга эскертип өтөлү дедик. Маани берип, төмөнкү эрежелерди окуп сактансаныз, өрт кырсыгын алдын алууга шарт түзүлөт демекчибиз.
— Мештин алдындагы полго 50-70 сантиметрдеги күйбөөчү атайын темир каалай төшөө зарыл;
— Заводдордон жазалган электр приборлорун пайдалануу керек;
— Чатырды, ороону жана короону кургак шыпырындылардан арылтып, тазалап салуу дагы өрттүн алдын алууга себепкер;
— От жагылуучу мештердин морун өз убагында тазалап, оңдоп турунуздар;
— Балдарыңыздарга ширенке карматпаңыздар, колдон келсе бийик жерге коюңуздар, эгерде балдарыңыздарды үйгө таштап кетсеңиздер сөзсүз түрдө өрт коопсуздугу боюнча эскертиңиз;
— Колдон жасалган электр плиткаларын жылыткыч катары колдонгонго болбойт, эгерде колдонсоңуздар анда тегерек четтериндеги күйүүчү нерселерден өтө сак болуңуздар;
— Ар кандай электр жылыткычтарды колдонуп жаткан учурда кароосуз калтырбагыла жана өз убагында өчүрүүнү унутпагыла;
— Күйүп кеткен же бузулган электр жабдууларды өз убагында алмаштыргыла же оңдогула;
— Бир электро розеткасына бир нече электро приборлорду туташтырып электро зымына күч келтирбегиле, эскилиги жеткен электро зымын өз убагында алмаштыргыла;
— Үйдүн ичинде тамеки тартканга болбойт, эгерде тарта турган болсоңуздар тамекинин калдыгын толук өчүрүп атайын урнага таштаңыздар;
— От жагылуучу мештерди тез күйүүчү (бензин, солярка) менен күйгүзүүгө тыюуу салынат;
Урматтуу замандаштар, кичинекей учкун болсо да өчүрүп сак жүрсөк, бардык кырсыктан оолак болор элек. Эң негизгиси биз бардык өрт кырсыгын жон терибиз менен сезгенден кийин гана кырсыкты алдын-ала билүүбүз маанилүү. Ушуну эстен чыгарбооңуздарды өтүнөбүз. Адамдардын ден соолугун, өмүрүн, улуттук байлыктарын өрттөн сактоо ар бирибиздин милдетибиз экендигин эсибизден чыгарбайлы.
Эгерде өрт кырсыгы катталса, өз учурунда 101 телефонуна чалыңыздар!
Даярдаган: Марат Баялиев, Кундуз Мырзалиева