Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызарт айылында туризм тармагындагы ишмердүүлүктү калыптандыруу жана өнүктүрүүгө багытталган Кызарт Фест иш-чарасы экинчи ирет уюштурулганы жатат. 1-3-июль күндөрү айылдыктар чет өлкөдөн келген туристтерге кыргыз каада салттарын, оюндарын, улуттук тамак-аш айтор жашоосун тааныштырат.
Аталган иш-чараны Жумгал туризм коомдук бирикмеси, Куйручук-Кызарт акимиатынын жергиликтүү депутаттары жана жергиликтүү туристтик фирмалар демилгелеп уюштурууда. Кызарт айылынын тургуну, активист Абасбек Асылбеков фестиваль былтыр ийгиликтүү өткөндүктөн бул жылы дагы өткөрүүнү пландап жатышканын жана даярдыктар жакшы экенин айтып өттү:
“Биздин үй-бүлө көп жылдан бери 20жылдан ашып калды турист тозуп келебиз. Негизи эле биздин айыл туристтик айыл десек болот. Жыл сайын туристтер келип Сон-Көлдү, Килемче жайлоосун дагы башка кооз жерлерге саякат кылып турушат. Туристтер көп келгендиктен мындай фестивал өткөрүүнү чечкенбиз.”
Фестивалда кыргыздын салттуу музыкасы, бийи, кол өнөрчүлүгү жана ашканасы көрсөтүлөт. Айылдагы кыз келиндер, апалар даярдаган ашкананы көрүп гана отурбастан келген меймандар чоогуу аралашып жасап көрүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары, ат минүү, бүркүт менен аңчылык жана көчмөндөр оюндары сыяктуу ачык абада иш-чаралары көрсөтүлөт. Бул туристтерге Кыргызстандын бай маданий мурастары жөнүндө ар тараптуу түшүнүк алууга мүмкүнчүлүк берет. Фестивалда адатта ар кандай иш-чаралар, спектаклдер жана көргөзмөлөр аркылуу кыргыз маданияты, каада-салты жана мурасы даңазаланат.
Кызарт айылында 20дай конок үй жана жайлоосунда 25ке жакын боз үйлөр бар. Айылды көргөнү келген туристтердин суроо талабы жогору болгондуктан дагы конок үйлөр ачылып жатат. Санжар Алымов дагы үй-бүлөсү менен биргеликте бул жылы “Алым-Ата” -деген конок үйдү ачып фестивалга келген туристтерди тозгону даярданып жатат:
“ Айылдаштарымдын конок үй ачып, туристтерди тозуп жатканын көрүп жана ага суроо талап болуп жаткандыктан биз дагы салып жаткан үйүбүздү тезирээк бүтүрүп туристтерди тозгонго даярдык көрүп жатабыз. Даярдык жакшы. Бардык шарттарды түзгөнгө аракет жасадык. Эң эле керектүү интернет менен коштук жана жуунучу жайлар бар. Улуттук этно стилге басым ккоюп жатабыз.”
Кызарт эли фестивалга 100гө жакын турист күтүп жатышат. 3 күндүк программада алар шырдак шыруу, кой союу сыяктуу улуттук тамак аш жана оюндарды көрсөтөт. Чет өлкөдөн келген коноктордон сырткары башка каалоочулар дагы фестивалга катышса болот.
Айгерим Кубатбекова