Кыргызстанда кыздар уюму 2013-жылы ачылган. Ошол уюмдарда 18 жашка чейинки кыздар иштешет. Негизги максаты кыздардын укук жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Кыздар уюму кандай иштерди жасайт, кимдер менен биргеликте иш алып барат бул тууралуу Сары-Булуң айыл аймагына караштуу №7 Таштемир Сатыбалдиев жалпы билим берүүчү орто мектебинин окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары Миргүл Какаева мындай дейт: «Кыздар уюмунун комитетинин төрайымы Мээри Орозова 3 жылдан бери жетектеп келет. Кыздар уюму, 2 окуучу иш алып барууда. Жылдык иш план түзүлөт. Мектеп жашындагы окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша тегерек столдорду, диспуттарды, талкууларды, укуктук билимдерин, зордук-зомбулук боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Мектеп администрациясы жана райондук кызматкерлери менен жолгушуулар өтүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, семинарлар өткөрүлүп турат. Жыйынтыгы чыгарылып турат».
Ошондой эле, адептүүлүккө, ыймандуулукка, тарбияланышат. Ата-энелерге да түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. №7 Таштемир Сатыбалдиев жалпы билим берүүчү орто мектебинин Кыздар уюмунун жетекчиси Мэрри Орозова Кыздар уюму туурасында төмөндөгүлөрдү айтты: “Мен мектепте кыздар уюмун жетектеп келем.Көбүнчө иш алып барууда билим сапатына көңүл бөлөбүз. Билим сапатын көтөрүүдө биринчиден кыздардын сабакка кечикпей келүүсүн көзөмөлдөйбүз. Мектепте болуп жаткан ар кандай иш- чараларга кыздар активдүү катышышат. Мисалы: Акыл ордо, Билерман ордо, Манас Таануу интеллектуалдык таймаштарына көбүнесе кыздар катышып, өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп турушат. Дайыма алдыңкы орунга жетишүү менен бизди кубандырышат. Мындан сырткары, ушуну менен чектелбестен адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялайбыз. Ата-энелер менен байланышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турабыз”.
«Кыздар уюму, сиздин оюңузча кереги барбы?” деп Сары-Булуң айылдык Кеңешинин депутаты Жоомарт Таанылбековдон сураганыбызда буларды айтты:
“Кыздар уюму мектепте ата-энелер чогулушуна, ар кандай иш -чараларга жанагындай Акыл ордо, Билерман ордо деп эжекелерибиз айтып жатпайбы, катышып жүрөбүз көп эле. Айылдык кеңештин депутаты катары. Кыздар уюму мен ойлойм, мектепте сөзсүз керек. Кыздар адеп- ахлакка, мектепте болгон билим деңгээлге, сабакка болгон умтулуусун, жашоого болгон көз карашы, улууга урмат, кичүүгө ызаат дегендей кыргыздын ушул балуулуктарына терең көз карашта болот деп ойлойм да.
Кыздарга көп көңүл бөлүш керек, анткени, зордук-зомбулукка кабылып калышы ыктымал. Бүгүнкү күндө, кыздар жардамга, билимге, корголууга аябай муктаж. Кыздар комитети, мектептеги кыздарга кандай кереги бар, деген суроо менен “Аялдарды коргоо борбору”, коомдук бирикмесинин аткаруу директору Бакен Досалиевага кайрылдык: “Кыздар комитети манилүү эле. Акыркы жылдары, көңүл бурулбай калып, анын сапаты начарлап кетти. Бул биринчи ошол комитеттин иштөө боюнча кичине мындай положениясы болсо, ошол положенияны иштеп чыгып, ошол мектептин жетекчилиги, бул кичине мындай жоопкерчиликтүү, укуктуу болуп калат эле. Анан кыздар комитети деп эле коет. Бирок ошол комитеттин маанисин иштөө принцибин эч ким түшүнбөйт. Кыздарга керектүү кружок, сулуулук боюнча дагы, дизайн боюнча бир нерсе айтып турса, кыздар өзүнөн өзү тартылмак. Эгерде балдардын укугу бузулса, кайсыл жакка кайрылыш керек аны да билишпейт. Ошонун бардыгын, комитет айтып, билгизип туруш керек.
Кыргыздын келечеги, урпактары кыздарда. Анткени бүгүнкү секелек кыздарыбыздын ден-соолуктары жакшы болуп, акылдуу билимдүү болсо, биздин келечектеги эне, ошол эне тарбиялаган, балдары күчтүү болот.
Даярдаган: Назгүл Шадыбекова