Тогуз-Торо районунун айыл өкмөт кызматкерлерин райондун акими Айбек Кожошов, Ички иштер бөлүмү, айылдык кеңештин депутаттары, райондук статистика бөлүмү куттуктап, алкыш, ыраазычылык каттарды тапшырышты.

Ар бир айыл өкмөт кызматкерлери сахнага чыгып, бири- бирин каалоо тилектерин айтып куттукташты. Мындан сырткары, эмгек жамаатында жакшы иштеген, кесиптештерине грамоталар менен сыйлады.

Сары-Булуң айыл аймагынын айыл башчысы Ишенбек Исаков билдирди.
Тогуз-Торо райондук администрациясы тарабынан “Алкыш” наамын алган Сары-Булуң айыл аймагынын аскер стол башчысы Муратбек Бердалиев өз кубунычын тең бөлүштү. “Бул сыйлык мен үчүн абдан сыймык болду. Ар дайым эл кызматында иштеп келгем. Талыкпай иштесең, акыры бир күн ийгилик жылмаят экен. Бүгүн бааланып, сыйланып жатам,”-деди Бердалиев.

Көк-Ирим айыл аймагынын салык кызматкери Паризат Найманова оюн төмөндөгүчө айтып өттү. “Биз буга чейин жашылдандыруу, айдап себүү, жазгы талаа иштери жана энелер кунун, карылар күнүн өткөрүп, ар кандай иш чараларды өткөрүп келдик. Жасаган иштерин көрүнбөй келген. Бүгүн, ар кандай сыйлыктар менен сыйлап, кызматкерлерге көнүл бөлүнуп, стимул берилди”.
Айта кетсек, Тогуз-Торо районуна караштуу 5 айыл аймак бар.
Даярдаган: Назгүл Шадыбекова