Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жылдан жылга социалдык мекемелердин саны көбөйүүдө. Быйылкы Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында райондо жалпы беш бала бакчаны куруу пландалган. Мындагылардын ичинен эки бала бакчанын капсуласын Жогорку Кенештин депутаты Таалайбек Масабиров, район акими Айбек Бегимкулов жана жергиликтүү тургундар салышты.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ