Ноокат районундагы мектептерге ремонтко керектүү болгон жабдуулар таратылып билим берүүчү мекемелерде ремонт иштер кызуу жүрүп жаткан учуру. Ремонтко кеткен каражат жыл сайын республикалык бюджеттен бөлүнүп турат. Мектептерди мугалимдер бөлүп алышып ремонттоп жатышат.
Мектептер жыл сайын окуу аяктагандан кийин бир жолу ремонттон өтүп турат. Мептептин негизинен парталары, стулдары, дубалдары, эшиги сырдалат, бузулган парталар оңдолот.
Мектептеги ремонтко жыл сайын бүтүрүүчү окуучулар 9-11-класстар жардамдашат. 600 окуучуга ылайыкталган Жапар Нышанов мектеби быйыл да ремонт иштерин өз убагында баштады.
Башталгыч класс мугалими: “Биз жылда өз-өз класыбызды ремонттон өткөрөбүз, ремонтко жогорку класстын окуучуларын бөлүп алабыз, алар бизге жардам беришет,”-деп билдирди Болдукыз Кудайбердиева.
Автор: Курсантбек уулу Хусейн