Көп кырдуу талант Арген Ринатов мектеп окуучулары учун кызыктуу шоу программа көрсөттү.
Жаш жеткинчектер бул күндү чыдамсыздык менен күтүштү. Концерттик программа фокус көрсөтүү менен башталып, окуучуларга абдан кызык болду.
«Биз жубайым Айзада менен чогуу иштеп, программабызды мектеп, бала-бакчаларга көрсөтөбүз. Кызыккандар көп. Негизинен биздин концерттер ыр, бий, фокус жана активдүү оюндар менен коштолот»,- деп кошумчалады Арген Ринатов.
Арген Ринатов көп кырдуу талант. Жубайы комузда эркин күү ойнотсо, өзү фокус , бий, ар кандай жанрдагы өнөрлөрдү корсотот. Ал Мураталы Куренкеев атындагы окуу жайды жана Мамлекеттик цирктин окуу жайын аяктаган. Окуучу кезиндеги устаттарынын бири Каныкей Эралиева эжебизди абдан сыйларын айтып, ал кишиге ыраазы болду.
Арген Ринатовго чоң ийгилик каалап, окуучулар дагы аны күтөөрүн айтып концерт сонун маанайда бий менен аяктады.
Даярдагандар: Айгерим Боталиева, Сайкал Медербекова, Аяна Оморбекова.