Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы “Шераалы ата” атындагы эс алуу паркында көп жылдык терек бактарынын көчөттөрү тигилди. Көчөт тигүүгө айыл тургундары, мектеп окуучулары жардам беришти. Ал көчөттөр Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу Жан-Булак айылындагы питомниктен алынып келинген.
Бул тууралуу “Шераалы ата” атындагы эс алуу паркынын уюштуруучусу Кадыркул Шералиев буларга токтолду:
“Биздин келечекте көптөгөн максаттарыбыз бар. Буюрса бул паркка отургучтарды, селкинчекиерди орнотолу деген дагы пландарыбыз бар. Азыркы жаштарыбыз шаарга качып жатышат, бирок ушул кичинекей айылыбызды дагы шаар тибинде кылсак деген максаттарыбыз бар.”
Белгилей кетсек, бул эс алуучу парк 2015-жылы жаз айларында курулган. Жана ошондой эле Шераалы атанын бүгүнкү күнгө чейинки жасаган эмгектери эске алынып эс алуу паркына аты берилген.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков