Нарын шаарында 20-апрелде өткөн облустук деңгээлдеги спартакиадага Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев мектебинин окуучулары катышып, ийгилик жаратып келишти.
Бул тууралуу дене тарбия мугалими Тынчтык Жумакадыров буларга токтолду:
“Биз облустук деңгээлге волейбол, күрөш, жеңил атлетка, бокс боюнча балдарды алып барганбыз. Ал жакта атаандаштык аябай күчтүү болду. Ошентип бокстан, эркин күрөштөн жана эстафетадан 2-орунду алып келишти. Мен окуучуларыма ыраазымын”.
Жана ошондой эле чуркоонун эстафета түрүнө барган Элмурас Кутманов өз оюн айтты:
“Мен эстафетага тандалып алынып областтык деңгээлге баргам. Ал жактан биздин команда 2-орунду алышты. Буюрса республикалык деңгээлге тандалып алынабыз деген ойдомун”.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков