Кызыл Туу айылынын тургундары эми жергиликтүү генетикалык ресурстарды адилеттүү пайдалануу тууралуу кеңири билишет.
Бул семинар «Айыл өнүктүрүү» коомдук фонду тарабынан каржыланып өткөрүлүп жатат. Иш чаранын негизги максаты жергиликтүү калктын генетикалык ресурстар боюнча билимин өркүндөтүү.
«Аманат Омур» коомдук фондунун жетекчиси бул долбоор жөнүндө кеңири маалымат берди. Катышуучулар кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.
«Айыл өнүктүрүү» коомдук фондунун жетекчиси Кулийпа Акматова чогулгандарга жөнөкөй тил менен абдан жакшы түшүндүрүп берип элдин кызыгуусун жаратты.
«Сиздер жергиликтүү эл болгондуктан өзүнөрдүн жериңерде кандай пайдалуу өсүмдүктөр өсөрүн билесинер. Эми ушул байлыкты туура колдонуп андан пайда табууну үйрөнүшүңөр керек. Бирок пайда табуунун аркасынан кууп калып өзүбүздүн байлыктарыбыздан кол жууп калбообуз керек»,- деп маалымат берди Кулийпа Акматова.
Андан башка да Жусуп Баласагын университетинин кызматкери Нургул Төлөбек кызы «Нагой протоколу» деген темада илимий тилде катышуучуларга маалымат берди.
Жергиликтуу калк ушул иш- чарага ыраазы болуп көп-көп ушундай иш-чараларды өтүөруп тургула деп кетишти.
Даярдагандар: Сайкал Медербекова, Айгерим Боталиева