Талас шаарында агро-көргөзмө болуп өттү. Бул агро- көргөзмө Таласта төрт жылдан бери болуп келет, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык маселелер боюнча орун басары Азият Шаболотовнанын жана Талас тургундарынын катышуусунда болуп өттү.
Азият Шаболотовнанын айтымына караганда, бул агро-көргөзмө Талас шаарына бир гана төө-буурчак эмес, дарылык касиети зор чөптөрдү өстүрсө болоорун тургундарга билгизип, жана баары бири-биринен көрүшүп үйрөнсүн деген максатта уюштуруп жатышат.
“Бул жерде негизинен бир гана Кыргыз Республикасынан эмес Москвадан келген дары чөптөр жана асыл тукумдуу малдардын көргөзмөсү болуп жатат”,- деп айтып өттү Азият Шаболотовна.
Жогоруда айтып өткөндөй жерге жазында керектүү жер семиткичтер жана дарылык касиети зор уруктар сатылып жаткандыктан, агро-көргөзмөсүнүн сатуучусу Эркайым да өз оюн билдирип кетти:
“Бүгүнкү болуп жаткан жарманкеге жер семирткичтерди алып чыктым жана катышуучулар абдан ыраазы”,- деп билдирди жарманкенин сатуучусу Эркайым.
Жарманкенин болуп жатканы бардык тургундарды кубандырды жана жарманкенин катышууулары кызыктар болгон суроолоруна жооп ала алышты.
“Мен Манас районунун тургуну Мээрбек Кутманалиев. Бүгүнкүнкүдөй жарманкелер болуп турса абдан жакшы болмок, себеби мага өтө чоң таасирлерди калтырды десем жаңылышпайм”,-деген ойлорун кошумчалады.
Даярдаган: Толгонай Тимурова