Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы №3 Үй- бүлөлүк дарыгерлер тобунун бөлүмүндө Нарын районунун борбордук ооруканасынан атайын көчмө бригада келип айыл тургандарын бекер ден-соолуктарын текшерип, кароодон өткөрүштү.
Бул тууралуу “Кара-Чий” жамааттык мультимедиа борборуна айылдык медайым Упагүл Жаныбекова билдирди.
“Бизге Нарын районунун борбордук ооруканасынын башкы директору Сияпат Сырдыбаеванын жетекчилиги астындагы көчмө бригада келип 5 жашка чейинки өспүрүмдөрдү, каттоодогу адамарды, жалпы эле айыл тургундарынын ден-соолуктарын кароодон өткөрүштү. Ушундай көчмө бригадалар уюштурулуп, жылына бир жолу айыл тургундарын ден-соолуктарын бекер кароодон өткөрүп турсак жакшы болмок.”
Нарын райондук борбордук ооруканасынан түзүлгөн атайын көчмө бригада райондогу ар бир айылды кыдырып, калктын ден-соолугун бекер кароодон өткөрүп жатышат.
Даярдаган: Аман Шаршенбеков