Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев орто мектебинде мугалимдер жана окуучулар тарабынан уюштурулган кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлдү. Бул кайрымдуулук Асема Арыкшаевага жардам көрсөтүү максатында уюштурулган.
Бул тууралуу Иманалиев мектебинин мугалими Ирина Султаналиева кайрымдуулук жарманкесинен түшкөн каражат толугу менен Асеманын үй- бүлөсүнө берилерин айтты:
“Биздин мектепте окуган 3-класстын окуучусу Асема жүрөк оорусуна чалдыгып, жардамга муктаж болуп жатат. Биз Асеманын операциясына жардам катары кичине болсо дагы салымыбызды кошуп жатабыз. Мугалимдер жамааты өзүбүзчө акча чогултканбыз. Ал эми 6-7-класстын окуучулары үйлөрүнөн даярдап келген тамак-аштарын сатып жарманке уюштурду.”
Даярдаган: Аман Шаршенбеков