Нарын районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектепте Нооруз майрамына карата концерт болуп өттү. Бул иш чараны 11-класстын окуучулары уюштурган.
Бул тууралуу уюштуруучу жана кыргыз тили сабагынын мугалими Калмира Исмаилова буларга токтолду:
“11-класстын күчү менен даярдалган иш чара аябай жакшы деңгээлде өттү. Бул иш чара нооруз майрамына арналгандыктан кыргыздын улуттук салттары көргөзүлүп, боз үй тигилип жана алты бакан жасалган. Мунун баарын 11-класстын окуучулары жасашты. Жана ошондой эле боз үйүндүн ичине ар бир класстын окуучулары даярдап келген улуттук тамак аштар көргөзмөсү болду.”
11-класстын окуучусу Гүлнура Казиева иш чарага окуучулар көп убакыттан бери даярданып жатышкандыгын айтты:
“Биздин көргөзгөн салттарыбыз кызыктуу болду деп ойлойм. Биз элибизге кыз узатмай салтын чагылдырып бердик. Бул иш чара нооруз майрамына арналгандыктан кийимдерибиз дагы, буюмдарыбыз дагы улуттук болду.”
Мамыткан Иманалиев мектебинде жылына нооруз майрамы белгиленип, майрамды өткөзүү кечеси 11-класстын окуучуларына жүктөлөт.
Даярдагандар: Аман Шаршенбеков, Адилет Курманбеков