2022-жылдын 18-19-май күндөрү Нарын району боюнча «Жыл мугалими-2022» кароо сынагы болуп өттү. Сынак эки тур менен өтүп жыйынтыгында Кылыч Рысмендеев атындагы орто мектептин мугалими жеңүүчү деп табылды.
«Жыл мугалими» сынагы ар жыл сайын мугалимдердин ар тараптан өнүгүүсүнө салым кошуу максатында уюшулуп келет. Бул жылы биздин мектептен англис тили мугалими Малина Жумалиева катышып, баш байгени алып келди», -дейт мектеп директору Махабат Асанбек кызы.
«Сынактын 1-туру Т.Байсалов орто мектебинде болуп, ага 21 мугалим катышышты. 2-тур 19-май күнү Ж.Иманалиев мектебинде уланды. Мында 2-турга өткөн 15 мугалим ат салышты. Сынакка чындап эле аябай күчтүү мугалимдер келишиптир. Баш байгеге жетүү оор болду. Бирок калыстар тобунун чечими менен жыйынтыгында жеңүүчү деп табылдым», -дейт баш байгенин ээси Малина Жумалиева.
Жалпысынан райондо 34 мектеп бар. Бирок сынакка 21 эле мугалим катышкан. Сынактын жобосу ар бир мектепке жөнөтүлгөн. Жобонун негизинде коллективдин чечими менен мектептин намысын коргоп бир мугалим катышып келет. Бул сынак атайын бир нече тапшырмалардан турат. Калыстар тобу критерийлер менен баалап, жыйынтыгын калыс чыгарышкан. Мугалимдерге мотивация ирээтинде жеңүүчүлөгө баалуу белектер, ардак грамоталар тапшырылган. Ал эми Малина Жумалиевага калыстар тобу ардак грамота жана Ысык-Көлгө жолдомо беришкен.
Гулиза Кадырова, Бурул Майрамбек кызы