Баткен облусунун Лейлек району Тажикстандан келген азык-түлүктү сатып алууга аргасыз. Бул тууралуу биздин редакцияга кайрылган Исфана шаарынын тургуну билдирди. Ал, Лейлек районуна Ош, Бишкекте өндүрүлгөн азыктар аз көлөмдө гана барарын жана баасы кымбат болорун билдирди.
Лейлек районуна Кыргызстандын азык- түлүгү жетишсиз көлөмдө гана барат
Венера: “Дээрлик биз, Тажикстандан келген азык-түлүктү колдонууга аргасыз болуп келебиз. Тажикстандан келген тамак-аш, кийим кечесине өткөндө деле бойкот жарыяланган. Бизде мисалы, картошка, сабизден тарта каймак, помидор, бадыраң, сүт азыктары, көчөт ж.б бардыгы Тажикстандан келет. Керек болсо, төшөк, жууркан үчүн кездеме, кийим-кечек дагы. Себеби, бул жак бизге кичине жакын болгондуктан тезирээк жетет. Кана эми ошону, биздикилер уюштуруп Баткен, Лейлекке алып келип сатса өзүбүздүн өндүрүш менен азыктанып, колдонот элек. Айла жок, Тажикстандын майына чейин сатып алабыз. Өзүбүздүкүлөр келет, бирок аз жана баасы кымбат. Мисалы, Кыргызстандан чыккан каймактар фирмасына жараша 60-100 сом тегерегинде болсо, Тажикстандан келгендер 40-60 сом болот. Жолдун алыстыгы жана чыгымдарды эсептегенде кымбат болуп кетет окшойт. Ага биздеги каражат жете бербейт. Айлык акы ага туура келбегендиги да себеп боло алат”.
Венера сөзүнүн акырында өзүбүздүн азык-түлүк, кийим -кечекти колдоносок өзүбүздүн экономикабызга салым кошпокпуз дейт.
Венера: “Кыргызстандык фирмалар келет, бирок жетиштүү көлөмдө эмес. Эгер алар, тынбай ташып турганда, анда эл дагы ишенимдүү болот эле. Тажикстандын товары да кирмек эмес. Анткени, Тажикстандын Ходжент шаарынан келген товарлардын сапаты да төмөн. Эл алардын тамак-ашын сатып албоого бойкот жарыялап келет”.
Касиет Кубанычбек кызы
Адинай Керимова: “Чек-ара чырынан кийин жаштарда жоопкерчилик дагы күчөдү”