Лейлек районунун борбордук мечити толугу менен оңдолуп бүтөөр алдында турат. Оңдоп-түзөөгө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мурат Жураев демөөрчү болгон.
Бул тууралуу Лейлек районунун баш имам хатиби Медер ажы Намазбаев билдирди.
“Алла Тааланын үйү болгон бул мечит мурда жок эле. Мечит куруп берем деп Джураев Мурат Каттабекович деген агабыздын демилгеси менен 2005-жылы мечиттин жумушу башталды. Фундаменти куюлуп мечит тургузулду. Ошол убакта каражатка жараша мечит көрктүү, шаңдуу эмес жупуну болуп бүтүп калганы баардыгына маалым. Ошондой болсо да, 2008-жылы жамаат келип жума намазы окулуп бул мечит ишке кирди. Арадан тогуз жыл өтүп кайрадан жаңыланууга дуушар болду. Биз спонсор издеп, ар жакка барып, ар жакка кайрылганыбыз жок. Кайра эле Мурат Жураев экс-депутатыбыз жардам берип мечит заманбап, ушундай бир кооз көрккө келтирели деп ушул ишти баштадык. Мурат Каттабекович канча акча кеткени тууралуу али бизге айта элек. Бирок мен бир нерсени айта кетсем, мечиттин үчтүндө алты мунара турат. Ошол алты мунаранын үстүндөгү сары алтын түстүү жездин квадрат метри 18 доллардан турат. Бул атайын адистердин тандоосу менен алынган. Ошондо мечиттин үстүнө 570 метр квадрат кетти. Муну көбөйтсөк 11-12 миң долларга жетип калат”, — деп айтып өттү Намазбаев.




“Адамдар сырттан караганда мечит экени билинип туруш керек. Ичине киргенде жылуу болуш керек. Салынган килемдери да адамдардын көзүнө урунган, сажда кылганда кубанып көңүлүнө толо тургандай болушу керек. Даарат ала турган таза дааратканалар, душтар, жылуу суулар, жылыткычтар менен камсыздалыш керек. Чаңкаганда иче турган атайын суу коюла турган жайлар жана кооз чырактар болушу керек. Анткенимдин себеби, эл өскөн сайын техника өскөн сайын мечиттин ичи да жаңыланып туруусу зарыл”, — деп кошумчалады Лейлек районунун баш имам хатиби Медер ажы Намазбаев
Даярдаган: Амина Жанибекова
НЖ
Сынак үчүн