Лейлек районунун борбору Исфана шаарындагы маданият үйүндө Улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Аалам жазуучусу Айтматовко таазим” аттуу райондук фестиваль өткөрүлүп, 10 айыл өкмөт жана бир шаар башкармалыгы катышты.
Сумбула айыл өкмөтүнүн маданият кызматкери Замира Абдивалиеванын айтуусунда фестивалда Айтматовдун чыгармаларынан театрлашкан көрүнүштөр көрсөтүлдү. Фестиваль Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы, райондук маданият бөлүмү жана айыл өкмөттөрдүн коштоосунда 11-декабрь күнү өткөрүлдү.
Даярдаган: Данияр Исакбаев