Ак-Талаа райондук маданият үйү 1968-жылы курулуп, пайдаланууга берилген. Ошол убакыттан бери имараттын жылуулук системасы бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Ар жылы кышкы мезгилде жылуулук түтүктөрүнүн ар кайсы жерин оңдоп, ишке беришет.
Маданият үйүнүн директору Курманжан Тиленбаева:
«Жылуулук системасы өтө эле эски. Жарым кылымдык убакыттан бери капиталдык ремонттон өтө элек. Тиешелүү тараптарга кайрылганыбыз менен жыйынтык чыкпай келет. Быйыл маданият министрлигине кайрылуу жолдодук. Алардан жардам берүү жагын караштыруу боюнча жооп алдык. Буюрса, ремонт үчүн каражат чечилет деп илгери умүт кылып жатабыз», дейт.
Ошондой эле, быйыл жылуулук түтүктөрун жуудурушканы менен имарат жылуулугу жакшы эмес. Биринчи кабаты бир аз жылыганы менен үстүнкү кабаттар муздак. Иш бөлмөлөрү, китепканаларда кошумча жылыткычтар колдонулат. Бирок баары бир тонду чечип коюп отурууга мүмкүн эмес. Анткени суук.
Ал эми китепкана тармагынын башчысы Гулжаз Сулайманова суукка карабай сырт кийимчен иштөөгө туура келет деп айтып, китепканага өзүнчө каражат бөлүнбөй турганын кошумчалады.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова