Жыл сайын белгиленүүчү майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата жана гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында пресс-кафе өттү. Кыргызстанда зомбулукка көбүнчө кыздар жана аялдар, анын ичинде майыптыгы бар аялдар жана кыздар кабылышат. Көбүнчө алар өp укуктарын билбегендиктен, алсыздыктан, көз карандылыктан жана дискриминациядан улам аларга жасалган зордук-зомбулук тууралуу айта алышпайт. Иш-чаранын максаты аялдар менен кыздарга болгон зордук-зомбулуктун деңгээлин азайтууга көмөк көрсөтүү.
Иш-чаранын максаты, аялдар менен кыздарга болгон зордук-зомбулуктун денгээлин азайтууга көмөк көрсөтүү, Кыргызстандын инклюзивдик өнүгүүсүнүн гендердик аспектилери боюнча журналисттердин маалымдуулугун жакшыртуу, майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укугун коргоо боюнча учурларды ЖМКларда кененирээк жана сапаттуу чагылдырууга көмөк көрсөтүү жана медиа коомчулук менен майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо боюнча иш алып барган уюмдардын активисттери, эксперттер менен байланыш түзүү болуп саналган.
Пресс-кафеге журналисттер, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, коомдук уюмдар, майыптыгы бар аялдар, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, медиа жана гендердик эксперттер катышты. Анын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин өкүлү катышты. Анда Кыргызстандагы майыптыгы бар аялдар жана кыздардын абалы жөнүндө презентация көрсөтүлдү жана майыптыгы бар аялдарга болгон гендердик дискриминацияны алдын алуу жана чара көрүү, ошондой эле экономикалык укуктарын кеңейтүү боюнча «InKoom” долбоорунун алкагында берилген суб гранттар боюнча маалымат берилди. Субгранттарды майыптыгы бар кыздардын «Назик-Кыз» коомдук бирикмеси жана «Кыргыз сот аялдарынын ассоциациясы» коомдук бирикмеси ишке ашырган.
Пресс-кафе Европа Биримдигинин финансылык каржылоосу менен «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жаткан “Адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө багытталган InKoom” долбоорунун алкагында уюштурулду.
Айгерим Кубатбекова