Лейлек ройонунун Сумбула айыл өкмөтүнө караштуу Манас атындагы орто мектебинде 19-май күнү от оюну майрамдалды. Бул бүтүрүучүлөргө арналып жагылган отту воллейбол боюнча республикалык спартакиаданын катышуучусу Акылбек Айтбаев жана 11-классынын мыкты окуучусу Кундузай Валламова жакты.

Иш-чаранын катышуучусу Бахтияр Насридин уулу төмөнкүлөргө токтолду.
“Бүгүнкү от оюну кызыктуу өтүп жатат. Мага 3-класстын 2-класстын жана 4-класстын окуучуларынын бийлери жакты. Бул майрамды уюштурган 10-класстын окуучуларына ыраазычылык билдирем”, — дейт Бахтияр.

Беш жылдан бери өтүлүүчү салтка айланган бул майрамда окуучулардын, айрыкча бүтүрүүчүлөрдүн жүзүндө кубаныч байкалып турду.
Кызыктуу оюндун женүүчүсү 11-класстын окуучусу Дастан Омурзаков “бүгүнкү күн биз бүтүрүүчүлөрдүн түбөлүк эсинде кала турган кызыктуу күндөрдүн бири болду” дейт.

Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
Редактору: Амантур Ганыев
Сынак үчүн