Илгерки мыйзамдардын өзгөчөлүгү улуттук наркка, адамдык баалуулуктарга, адилеттүүлүккө багытталган. Мыйзамдын сакталышын көзөмөлдөгөн адамдар, мыйзам аткарылбаган учурда эмне болушун так түшүнгөн, Манас атабыз баш болуп мыйзамды туу туткан жана сактаган. Мисалы, Манас атабыз «Чоң казатка» бара жатканда аскердин башына мен ажо элем деп өзү туруп алган эмес.