Бүгүн Ак-Талаа районунда “Ак-Талаа Эл” 25 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү.
Конференция КРнын Президентинин “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жана “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктарынын алкагында уюштурулду. Ага республиканын ар тармагында эмгек сиңирген коомдук ишмерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
КРнын эмгек сиңирген геологу Кубат Осмонбетов Кыргызстандын кен байлыктары жана аны пайдалануунун жолдору тууралуу доклад жасады.
“Кыргызстандын тоосу, суусу кысыр калган эмес. 1967-жылдан Макмал кенине чалгындоо иши башталган. Ага чейин алтын жок болчу. Кен көп, бирок жакшы изилденбей эмес. Адистерибиз көп болсо, алардын билимин туура пайдалансак биздин жерден алмаз дагы чыгат. Ал эми сымап боюнча дүйнөдөгү эң чоң запас бизде. Мурда 3миң м.бийиктикте турган кендер изилденчү эмес. Азыр эми 4миңден ашык бийиктиктеги жерлер казылып, чалгындоо иштери жүрүп жатат” деди.
Мындан сырткары техника илимдеринин доктору Алымбек Татыбеков IT-технология жана аны практикада пайдалануу тууралуу маалымат берип, саат сайын өсүп жаткан санарип технологияларга токтолсо, КРнын Айыл чарбасынын экс-министри Карыпбек Асанов коомдорду түзүп, ынтымакта иштөөгө жана балдарды кичине кезинен эле жер иштетүүгө үйрөтүү керектигин айтты.
Айыл чарбанын эмгек сиңирген кызматкери “Ак-Талаа Эл” коомунун Президенти Дөөлөтбек Берикбаев жер мыйзамдары жана жерди коргоо маселелери боюнча түшүндүрмө берди.
Конференциянын жүрүшүндө коомдук ишмерлер кен, жер маселеси боюнча суроолорго жооп беришти.
Соңунда КРнын Президенти Садыр Жапаровга кайрылуу жолдошту жана резолюция кабыл алышты.
Барчын Мамытбекова