Ак-Талаа району үчүн айыл чарбасы абдан маанилүү негизги тармак жана аны өнүктүрүү үчүн эң биринчи жалкоолукту таштоо керек дейт КРнын айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери Карыпбек Асанов.
“Эгемендик алган жылдардан бери айыл чарбасына азыркыдай көңүл бурулган эмес. Чынын айтканда тармакты өнүктүрбөй жаткан бизде эки маселе бар. Биринчиси- жалкообуз. Экинчиси тийиштүү шарт түзүлбөй жатат. Жерибиз бар, суу жетпейт. Суу бар, ирригациялык курулуштар жок. Илгери асыл тукум өстүргөн чарбаларга атайын план берчү. Ошолор бир эле учурда жок болуп кетти. Залалы азыр тийип, айыл чарба аксап калды. Азыр эми айыл чарбаны өнүктүрүүгө бир топ инвестициялар берилип жатат. Асыл тукум мал, сүт багытындагы уйларды өстүрүүнү колго алгыла. Койдун жүнү бааланбай ар кайсы жерге ташталып жатат. Башыңарды бириктирип, коом түзүп, чакан ишканаларды ачуу керек. Балдарды жерге жакын өстүрөлү. Аттан түшүрөлү. Жер иштеткенди, мал бакканды үйрөтөлү”,- деди.
Барчын Мамытбекова