Айыл чарба инженер механиги, фермер техника илимдеринин кандиданти Манас Саматов айыл чарба багыты биздин өлкө үчүн эң чоң социалдык жаздык экенин айтат. Агробизнес, агроөндүрүш бул интеллектуалдык бизнес экенин белгилеп, бул өтө татаал тармакка акыркы жылдары жаштар ыктап, жаңыча багытта иштер жүрүп жатканы жакшы көрүнүш деп эсептейт.

Маекти жакынкы күндөрү республиканы кыдырган агроэкспедициядан баштасак. Анын максаты кандай эле, канча күнгө созулду?
Биз 17 күн өлкөнү кыдырып агроэкспедицияда уюштурдук. Лейлектен баштап республиканын ишкерлик кылган күрүч өстүргөн, балык чарба, тоок чарбасын иштетип жаңылыктарга ыктап, белгилүү бир ийгиликтерге жетишип жаткандардын тажрыйбасын тартып келдик. Жазга карата 100гө жакын сапатуу, пайдалуу видео материалдар чыгат. Биздин максат Кыргызстанды чет өлкөгө ошондой эле өзүбүздүн аудиторияга дагы таанытуу болчу.
Учурда дыйкандар эмнеге басым коюп, кайсы тармакка көбүрөөк ыктап жатышат?
Жалпы биздин малчыларыбыз, дыйкандар, изденүү жолуна ыктап, ой-жүгүртүп жаңыча жашоого умтулуп жатышканын көрүп, биз абдан сүйүндүк. Алардын ичинде өзгөчө жаштар арасында өзгөчө чарбаларды баштаган жигиттер бар экенин белгилеп кетким келет. Болгондо дагы чет өлкөдө тажрыйба топтоп келген илимдүү, билимдүү жаштар. Мал чарбасына келсек мурда биз малдын туягын гана санап жүргөн болсок, учурда аларды асылдандыруу иштери жүрүп жатат. Демек, санга эмес сапатка өтүп жатабыз бул дагы абдан жакшы көрүнүш. Андан башка тармактарда дагы мисалы, Нарындагы балык өндүргөндөр, Баткендеги тоок чарбасын кылып жаткандар бул мисал боло алышат.
Пандемия айыл чарбасына анын ичинде жергиликтуу дыйкандарга кандай таасирин тийгизди?
Бизге көп деле билинген жок. Пандемия өтө курч болуп турган учурда деле биз талааларда иштеп жаттык. Бирок, жалпы адамзаттын аң-сезимине таасирин тийгизди.
Биздин өлкөдө айыл чарба багытынын келечеги кандай?
Айыл чарба багыты биздин өлкө үчүн эң чоң социалдык жаздык. Бул багытты өнүктүрүү менен биз ички жана сырткы миграцияны тизгиндей алабыз. Улуттук трагедияга айланган айрым көрүнүштөрдү жок кылууга толук мүмкүн. Бул жагынан алып караганда айыл чарба өндүрүшүнүн социалдык мааниси өтө жогору.
Манас Саматов менен болгон маекти толук бул жерден көрө аласыз:
Айгерим Кубатбекова