Бүгүн Ак-Талаа районундагы Э.Карасартов атындагы орто мектебинде «Манас таануу» интеллектуалдык таймашынын райондук туру өткөрүлүп, ага жалпы 24 команда күчтөрүн сынашты.
Ага КТРКнын «Баластан» теле таймашынын башкы редактору, жаш манасчы Нурбек Талантбеков, «Көйкашка» коомдук фондусунун төрагасы, бир нече республикалык кароо сынактын жеңүүчүсү Төлөбек Муса уулу КРна караштуу Улуттук Гвардиянын кенже сержанты, төкмө акын, манасчы Бексултан Өмүркулов, Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев катышты.
Каныбек Эсеналиев: «Кыргыздын рухун, духун көтөрүп атабыздын жети осуятын ишке ашырууда, өспүрүмдөргө багыт берүүдө аталган таймаштын пайдасы абдан зор. Өлкөнүн келечегин көргүң келсе алардын жаштарына көз сал дегендей бүгүнкү таймашта баардык катышуучуларга ийгилик. Албетте, билимдүүлөр жеңет. «Манастап» ураан чакырган Манастын урпактарынан уучубуз кур болбосун»,- деп каалоо-тилегин айтып, таймашты ачып берди.
Ал эми ушу таймашты республиканын бардык дубандарында уюштуруп, өткөрүп келе жаткан жаш манасчы, «Маданияттын мыкты кызматкери»
Нурбек Талантбеков: «Окуучуларга ал ким, бул ким деп суроо берели деп келген жокпуз. «Манас» аркылуу элди агарталы, дем берели, духун көтөрөлү деген максатта бул таймаш өткөрүлуп келет»,- дейт.
Таймаштын жүрүшүндө окуучулар улуу манасчы Саякбай Каралаевдин варианты боюнча «Манас» үчилтигинин негизинде даярдалган суроолорго жооп берип, эпос боюнча алган билимдерин да бир ирет тастыкташты.
Жыйынтыгында Э.Карсартов атындагы орто мектебинин «Шер Манас» командасы-1, Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин «Эрешендер»-2, М.Баетов атындагы орто мектебинин «Аруузат»-3 орундарды камсыз кылышты жана уюштуруучулардын дипломдору, медалдары менен сыйланышты.
Ошондой эле А.Турдакунов атындагы орто мектептин «Эр Манас» жана А.Атамбеков орто мектебинин «Улуу Кыргыз» командалары да мыкты даярдыктарын көрсөтүштү. Алдыңкы упайларды топтогон жогорудагы беш команда таймаштын облустук туруна катышууга жолдомо алышты.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова