Акталаа районунун Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин окуучулары учурда Кытайдагы оору таажылуу вирусту математикалык теңдеме аркылуу чыгарышты.
Аталган орто мектепте Ага хан фонду аркылуу математика ийрими иш алып барат. Ийримдин негизги максаты окуучуларды математика сабагына кызыктыруу менен бирге кошумча билим берүү. Ийрим жетекчиси Рыскүл Майрыкееванын айтканына караганда бул сабакка окуучунун баары эле кызыга бербейт. Ал эми ийримде мүчөлөр менен бирге түшүнбөгөн маселе, көнүгүүлөрдү кеңири талкуулап, чогуу чыгарышат. Кээде ийримдин мүчөлөрү жана мугалимдер арасында ар кандай чыгармачылык жана изилдөө иштери, мугалимдер үчун тажрыйба алмашуучу окутуулар болуп турат.
Жакында аталган мектепте окуучулардын чыгармачылык иштери талкууланып, анда ачык сабак өтүштү. Сабактын жүрүшүндө окуучулар Кыргызстанга келген туристтерден короновируска текшерүү менен квадраттык теңдеме чыгарышты.
Сабак үч кыргыз, орус жана англис тилдерде өтүлдү. 8-класстын окуучусу Каным Керимбекова квадраттык теңдемени англис тилде чыгарды.
Рыскул Майрыкеева: «Окуучулардын креативдүүлүгүн өстүрүү-учурдун талабы»,- дейт. Ал эми Бекмамбетова Нагима ийримге катышуу кызыктуу жана пайдалуу экендигин, анткени, математиканы кошумча окуп, мыкты билип алсаң башка сабактарды да оңой өздөштүрө аласың деген оюн билдирди.
Даярдаган: Ырысбекова Наргиза, Марлисова Айгерим