2023-жылдын 25-февралында Балыкчы шаарында волейбол оюну боюнча турнир болуп өттү. Бул иш-чара «Дене тарбиянын мыктысы» төш белгисинин ээси Жумабек Сагынбаев Асековичтин жаркын элесине арналып, Ч.Айтматов атындагы №5 жалпы орто билим берүү мектебинде Ж.Асековичтин туугандары, аталган мектептин эмгек жамааты жана 1993-жылкы бүтүрүүчүлөрү тарабынан каржыланып, уюштурулду. Спорттук мелдешке Балыкчы шаарындагы тогуз мектептин мугалим эжейлери катышып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Жумабек Асекович Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында 1961-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал 1978-жылы М.Горький атындагы орто мектебин артыкчылык менен аяктап, 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик институтунун дене тарбия факультетин ийгиликтүү бүтүргөн. 1987-жылы Балыкчы шаарындагы Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектепке дене тарбия мугалими болуп ишке кирип, өмүрүнүн аягына чейин мугалим болуп эмгектенди. 2022-жылдын 12-январында Кара Балта шаарына турнирге окуучуларды алып барып, кайтып келе жатканда күтүүсүз жерден 61 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн өткөн.
Жумабек Сагынбаевдин окуучулары облустук, республикалык мелдештерде байгелүү орундарды багындырышкан. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын «Дене тарбиянын мыктысы», 2009-жылы «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгилеринин ээси болгон. Дене тарбия жана спорттун өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн КРнын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин, Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун, шаардык билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталарына татыган.
Спорттук таймаш мыкты деңгээлде өттү.
«Мыкты оюнчу», «Мыкты чабуулчу» наамдары менен мыкты чеберчилик менен ойногон оюнчулар сыйланып, мыкты оюн көрсөткөн командаларга байгелер тапшырылды.
Турнирдин жыйынтыгы менен Балыкчы шаарындагы С.Каралаев атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалим эжейлеринен түзүлгөн топ биринчиликти багындырып, кубок, I даражадагы диплом, медалдар жана акчалай сыйлыкка ээ болушту.
Ч.Айтматов атындагы №5 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалимдеринен түзүлгөн топ II даражадагы диплом, медалдар менен, З.Исаева атындагы №4 мектеп-гимназиясынын мугалимдеринин тобу III даражадагы диплом, медалдар менен сыйланышты.
Зубаржад Жалилова