23-февраль Улуу Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинде Кадырбек Конушбаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча спорттук таймаш болуп өттү.
Таймашка Суусамыр өрөөнүндөгү 5 мектептин мугалимдери катышты.
Алгач Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектебинин окуучулары меймандарга арнап концерт коюп беришти. Концертте атайын даярдалган бий, көркөм окуу жана жандуу үн менен ырлар болду.
Иш- чаранын демөөрчүсү Тынчтыкбек Конушбаев тарабынан оюндун жеңүүчүлөрүнө атайын даярдалоган сыйлыктары тапшырылды. Таймашка катышкан командаларга акчалай сыйлык, кубок жана грамоталар тапшырылды. Таймашка Суусамыр айылындагы беш мектептин мугалимдери ат салышып, оюн күйөрмандарын көңүлүн көтөрдү.
Оюндун жыйынтыгында Кадырбек Конушбаев атындагы Суусамыр орто мектеби биринчиликти ээлеп, баш байке он миң сомдун ээси болду.
Экинчи орунду Кожомкул айылынан келген Сапарбек Мырзакматов мектеби жети миң сом. Үчүнчү орунду Тунук айылынан келген Иманжан Бегимкулов мектеби беш миң сом. Калган эки командага эки миң сомдон байгелер ыйгарылды.
Айтурган Кушкарбекова