Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылындагы Токтосун Байбураев атындагы орто мектебинин окуучуларына медиа бурчту түзүү жана жаңылык жазуу, аудио, видео репортаждарды даярдоо боюнча тренинг өтүлдү. Бул тренинг Т. Байбураев атындагы орто мектебинин директорунун сунушу менен уюштурулган. Ал тажрыйба менен бөлүшүү максатын көздөп, Нарын районундагы «Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун ыктыярчылары алып барышты.
Тренингде жаңылык жазуунун ыкмалары, аудио, видео репортаждарды даярдоо, социалдык баракчаларды ачуу, мектептин сайтына жаңылыктарды жүктөө боюнча кеңири маалыматтар берилип, практикалык иштер менен коштолду.
Ыктыярчылар жөн гана маалымат берип кетпестен практика жүзүндө да иштешти.
Жаңылык жазууда текст менен гана чектелбестен аудио, видео репортаждарды да даярдоо маанилүү экендигин Кубаныч Азат уулу баса белгилеп, ар түрдүү программалар боюнча айтып берди. Муну менен катар видеону даярдоодогу негизги элементтерди камтыганды, туура тартууну, жарыкты туура пайдаланууну көрсөтүп бере алды.
«Усупбекстан» жамааттык мультимедиа борборунун координатору Акылай Алмазбекова агай-эжейлерге өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, сайт менен иштөөнү көрсөтүп бере алды. Мындан ары кабарчылар агай-эжейлери менен биргеликте мектеп жаңылыктарын социалдык баракчаларга жана мектептин сайтына жайгаштырып турушмакчы.
Наиля Жанарбек кызы, Куткелди Жаныбеков