Суусамыр өрөөнүндө эл жана турак –жай фондун каттоо иштери башталганы турат. Бул арада Суусамыр өрөөнү боюнча каттоочулар атайын үч күндүк окуудан өтүп, улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыккан тиркемеге ылайык иш жүргүзгөнү жатышат.

Кызматкерлерди окутуу убагы
Бул туурасынта Чүй облусунун эл каттоо боюнча өкүлү Акылбек Абдрахманов радиодо түз эфирде жооп берди:

Чүй облусу боюнча каттоонун башкы өкүлү Акылбек Абдрахманов
-Саламатсызбы Суусамыр айылына келген негизги максатыңыз?
— Суусамыр айыл өкмөтүндө од жетисинен бери ушу жердебиз. Биздин календардык план боюнча он сегизинен жыйырмасына чейин окуу жүргүзүү болчу. Он жетисиси келип окуу жүрө турган жерибизди даярдадык. Келсек Суусамыр айыл өкмөтү бизге жата кана, тамак аш, транспорт, техникабызды даярдап коюптур. Ошентип он сегизи биздин атайын даярдап келген программанын алкагында окуу башталып бүгун жыйырмасы аяктады.
-Мурунку каттоо менен азыркы каттоонун айырмасы барбы?
— Оба айырмасы бар. Уксаңыздар керек каттоо ар бир он жылда жүрүп турат, акыркы каттоо эки миң он тогузунчу жылы болгон ошондо кеңешип кийинки каттоону 2020- жылга койгонбуз. Бирок тилекке каршы ал жылы пандемияга байланыштуу белгисиз бир убакытка жылдырылган болчу. Быйыл октябрдын жыйырма экисинде 228 министрлер кабинетинин жыйынында атайын токтом чыккан, ошол токтомдун негизинде иштеп жатабыз. 25- марттан 3- апрелге чейин негизги аймактарда каттоо жүрөт анан 23-апрелден 2-майга чейин алыскы аймактарда каттоо жүргүзүлөт. Азыркы учурда негизги аймактар бүтүп алыскы аймактарда башталды. Эки күн катточуларыбыз өздөрүнүн аймактарын кыдырып эл менен таанышып түшүндүрмө иштерин жүргүзүп чыгышат. Андан соң каттоо башталат.
— Жарандардан документтер керектелеби?
— Жарандардан эч кандай документ керектелбейт. Жарандардан ооз эки гана каттоо болот, ага өзүнүн атайын токтомдору бар ошол токтомдун негизинде гана болот. Анда катталып жаткан үй, машина жана ушу сыяктуу ар кандай турак- жайлардын документтери керкетелбейт. Негизинен бул каттоодо биз элибиздин жашоо шарты кандай нукка өзгөрдү, жарандардын жашоо шарты кандай, элибиз кандай шартта жашайт, ошону билүү үчүн жүргүзөбүз. Бул каттоо толугу менен анонимдүү болот.
— Каттоо Кыргызстанда жашап жаткан ар бир жаранга тиешелүүбү?
— Оба каттоо ар бир жаранга тиешелүү
-Негизинен каттоону ар бир аймакта канчадан киши жүргүзөт?
— Каттоого жумушчулар аймактын санына жараша алынат. Мисалы Суусамыр туурасында айта кетсек.Суусамырда бир кординатор иш алып барат ал кординатордун астында үч инструктор бар. Ошол каттоочулар менен тыгыз байланышта иштей турган дал ушу инструкторлор болот. Ар бир интруктордо он, он эки каттоочу болот. Ошондо жалпы саны бир кординатор, үч инструктор, отуздай каттоочу иш алып барат.
-Каттоодо иштеп жаткан кыматкерлердин билими каралабы?
— Жок билими каралбайт болгону жашы он сегиден жогору Кыргызтандын жараны, өздүк уюлдук телефону жана андроид версиясы бешинчи поколениядан өйдө болушу керек. Ишине так, шамдагай жоопкерчиликтүү ишкерлерди алабыз. Керектүүсүн өзүбүз окутуп алабыз.
— Каттоо мобилдик тиркеме аркылуу жүрүп жатат айтып кеттиңиз, ошондо каттоо болоор замат базага келип түшөбү?
— Ооба ошол замат базага келип түшөт, бирок толугу менен киргизүүдөн мурун инструктолор бир ирет текшерип чыгышат. Эгер каттоодо ката кетирилген болсо аны кайрадан оңдоо иштери жүргүзүлөт. Каттоону жөнөткөндөн кийин инструкторлордо сиз жөнүндө бир дагы маалымат калбайт.
-Маегиңизге чоң рахмат!
Айтурган Кушкарбекова