Талас шаарындагы “Мээрим” жалпы билим берүү лицей кыздары жакшы ийгиликтерди көрсөтүүдө жана сапаттуу билим берүүдө.
Сабактар так илимдер окуучунун англис тилин мыкты дээңгелде өздөштүрүү максатында, жалаң гана анлис тилинде өткөрүлөт. Бул окуучуну SAT, TOEFL, IELTS сыяктуу сынактарды жакшы тапшырууга абдан жардам берет. Ошондой эле математика, кыргыз тили, кыргыз адабияты сабактары тереңдетилип окутулат. “Мээрим” жалпы билим берүү кыздар лицейинин мүдүрү Алтынбек Эркинбековдун айтымында:
“Талас “Мээрим” жалпы билим берүү лицейинде 2018-2019-жылдан баштап эмгектенип келе жатам. Бүгүнкү күнгө чейин 458 бүтүрүүчү кыздарыбыз, дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларда билим алууда. Бир гана бул эмес шаардык олимпиадаларда дагы жакшы натыйжаларды көрсөтүп жатышат”,-деп айтты.
“Мээрим” жалпы билим берүү кыздар лицейинин англис тилинин мугалими Камила Апасова өз оюн айтты:
“Мен “Мээрим” жалпы билим берүү кыздар лицейин 2007-жылы бүтүрүүчүлөрдүн бири болгом. Окуучулар сабактан тышкары түрдүү тамак жасоо, комуз, кол онөрчүлүк сүрөт, кытай тили, бий, шахмат ушул сыяктуу ийримдерге катышууга мүмкүнчүлүк түзүлүп берет. Жана ошондой эле биздин лицейибизге алытан бери келип окушат”-деп билдирди.
Ал эми төмөндө аталган кыздар лицейинин бүтүрүүчүсү Бурмачач Нурадилова өз пикирин айта кетти:
“Мен бул “Мээрим” жалпы билим берүү кыздар лицейинде окуп жатканыма абдан сыймыктанамын. Себеби мугалимдер, тарбиячылар бизге татыктуу тарбия берип, ар тараптуу инсан болуп калыптануубузга жардам берет. Лицей окуучуларга терең билим берүү менен жаркын келечектин эшигин ачып берет”,-деди.
Даярдаган: Айнуру Керимбаева, Амина Муратбекова