Чолпон айылында жайгашкан Корчубек Акназаров атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу Кусейин Марат уулу сүрөт тартууга кызыгат. Азыркы учурда бул өнөрүн өркүндөтүп жаткан мезгили.
Саламатсыңбы Кусейин? Сүрөт тартуу өнөрү сага кимден калган? Канча убакыттан бери сүрөт тартуу менен алектенесиң?
-Саламатсызбы? Сүрөт тартуу өнөрү мага чоң атамдан калган. Чоң атам өзү сүрөтчү болгон, ар кандай порттреттерди, пейзаждарды тартчу. Кичинемден эле сүрөт тартууга кызыгам.
Көбүнчө кандай жанрдагы сүрөттөрдү тартууга кызыгасың?
-Көбүнчө жаратылышты жана өсүмдүктөрдү тартууга кызыгам. Жаратылыштын сулуулугуна суктанып, кызыгуу менен тартам.
Бош убактыңда эмне менен алектенесиң?
Бош убактымда көбүнчө ата-энеме жардам берем, сабактарымды окуйм. Азыркы учурда онлайн окуп жатканыбызга байланыштуу көп учурда үйдөмүн, ошондуктан көбүн эсе ата-энеме үй жумуштары менен жардам берип жатам. Карантин башталганда, барыбыз эле үйдө отуруп калдык. Ошол мезгилде убакытты текке кетирбей, сүрөт тартуу өнөрүмдү өркүндөткөнгө да чоң өбөлгө түзүлдү.
Келечекте кайсыл кесиптин ээси болгуң келет? Сүрөтчүлүктү улантып кетейин деген оюң барбы?
Келечекте сүрөтчүлүк кесиптин ээси болом деп ойлобоптурмун. Алдыга койгон максаттарым чоң. Келечекте архитектор болууну самайм. Архитектура деле сүрөт тартуу менен байланыштуу, сүрөткө деле тиешеси бар.
Кусейиндин жараткан эмгектери:
Перизат Таштанова, Айжан Замирбекова