Жаңы окуу жылынын башталганына аз гана убакыт өттү. Окуу жылынын башталышын чыдамсыздык менен күткөн окуучулар кубануу менен мектеп босогосун атташты. Быйылкы окуу жылы салттуу түрдө башталышы коомчулук үчүн жагымдуу жаңылык болду. Бирок ошону менен бирге эле көйгөйлөр да бар, ал учурда болуп жаткан Ковид-19 илдети.
Кочкор районундагы Шапак Рысмендеев атындагы орто мектебинде 630 окуучу билим алат. Мектеп тар болгондуктан балдар эки нөөмөттө окушат. Мындай учурда санитардык эрежелерди сактоо кыйынга турат. Ошого карабастан мектеп администрациясы жана педагогдор эрежелерди туура сактоону жакшы колго коюшкан. Биз бул тууралуу мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары Айнура Акималиева менен маек курдук.
Мектептин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары- Айнура Акималиева
-Саламатсызбы, Айнура Даткаевна?
-Саламатчылык.
-Жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктайм.
-Рахмат.
-Мектептин окуу жылына даярдыгы жөнүндө айта кетсеңиз?
-2021-2022-окуу жылы салттуу режимде башталды. Баарыбызга белгилүү болгондой бир жылдан ашуун аралыктан окудук. Билим берүү жана илим министрлигини тарабынан билим берүүнүн сапатын жана эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен окутуунун коопсуз шарттарын камсыздоо максатында атайын иштелип чыккан алгоритм менен жүргүзүлөт. Окуу адаттагыдай башталганы менен санитардык-эпидемиологиялык талаптарды, министрлик иштеп чыккан алгоритмди сактоого милдеттүүбүз. Себеби, оору бизден алыстап кеткен жок. Биздин мектепте да кирүү фильтри уюштурулган. Кирүү фильтрине жооптуу адам дайындалган. Андан сырткары кол жуучу раковина орнотулуп, жылуу менен камсыз болгон. Окуучулардын ден-соолугуна күн сайын көзөмөл жүргүзүлүп турат.
-Окуучуларга кандай талаптар коюлган?
-Ар бир окуучунун жекече контейнери бар. Анын ичинде эки бет кап, антисептик, градусник жана нымдуу кол аарчы болушу керек. Класс жетекчилер күнүгө текшерип турушат. Биз аларды дайыма талап кылып турабыз.
-Маегиңизге чоң рахмат, ишиңизге ийгилик.
«Эми мындан ары үйдөн эмес мектепке барып окуйм»
Мектептин 3-классынын окуучусу Айназик Асанбекова биз менен кубанычын бөлүштү:
«Мен окуу башталганына абдан сүйүнүп жатам. Анткени эжейимди, классташтарымды көптөн бери көрбөй абдан сагындым. Мектеп формасын кийгенди да сагындым эле, ал кыялым да ишке ашты. Мугалимдер антисептик жана бет каптарыбызды дайыма текшерип турушат. Мектепте окуган мага абдан жагат».
Окуучулар жаңы окуу жылынын башталышын чыдамсыздык менен күтүштү
Окуучулар тыныгууга чыккан сайын колдорун самындап жууп турушат, алардын ден-соолугу биринчи орунда турат
Бакыт Кожокматов