Алдыңкы 5 жылда 500 бала бакча борборлору ачылат. Ар бир бала бакча борборунда 100гө чейинки бала 3 сааттык программа менен окутулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Самаркүл Умралиева Жамааттык Медианын «Элсобол» программасында билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Самаркүл Умралиева
— Саламатсызбы? Өлкөбүздө мектеп курагына чейинки балдардын бала бакча менен камсыздалуусу кандай деңгээлде?
— Саламатсыздарбы? Быйылкы окуу жылынын башталышына карата бардык билим берүү органдары жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан иш-чара кабыл алынып, окуу жылынын башталышына 1648 бала бакча балдарды кабыл алууга даяр экендиги туурасында бизге маалымат берилген. Бул муниципалдык, мамлекеттик мекемелер жана 300гө жакын жеке менчик бала бакчалар. Жалпысынан алганда, 2020-2021-окуу жылында 200 миңге жакын бала балдар бакчаларына барды. Өлкөбүздө 7 жашка чейинки балдардын саны 1 млн 200 баланы камтыйт. Бул улуттук статистикада берилген маалымат. Пайыздык көрсөткүч менен алганда өлкөбүздө мектепке чейинки балдардын 22% гана бала бакча менен камтылууда. Пандемия учурунда бул көрсөткүч 4%га төмөндөп кетти. 2019-жылы биз 26%га жеткенбиз.
— Мындай төмөн көрсөткүч кандай таасирлерин тийгизет?
— Жакында гана биз август конференциясын өткөрдүк. Анда дагы биз анализ жүргүзүп, министрлик тарабынан жыйынтыктоочу докладды жасадык. Жапония, Корея, Финляндия сыяктуу өлкөлөрдө мектепке чейинки балдар билим берүү программалары менен 100% камтылган. Ал эми бизде балдардын 78% билим берүү программалары менен камтылган жок. Бул биринчи класстан тарта окуу программасын кабыл алууга өз таасирин тийгизет. Кээ бир балдар жөндөмдүү келип, алар мектептеги программаны өздөштүрүп кетиши мүмкүн. Бирок, кээ бир балдар мектеп программасын окуу, түшүнүү , таанып-билүү, эске тутууда маселелер жаралат.
— Кантип бул маселени чечүү керек?
— Бизде министрлик тарабынан балдарды мектепке чейинки билим берүү программалары менен камтылуусун жогорулатуу боюнча көп иш-аракеттер жүрүп жатат. Азыр балдардын 22% камтылып жатса, 10 жыл мурда бул көрсөткүч 6%га төмөн болчу. Республикалык бюджеттин тартыштыгына байланыштуу бала бакчаларда 10 сааттык программа бар. Аларды окутуудан тышкары, багуу, тамак берүү процесси өкмөттүн эсебинен жүргүзүлөт. Мугалимдер, тарбиячылар ж.б кызматкерлердин айлык акысы өлкө бюджетинен алынганда көп суммадагы каражат керектелет. Каражаттын тартыштыгы балдардын бала бакча менен камсыздалуусуна таасирин тийгизет. Ошентсе дагы, өкмөт 2025-жылга чейин балдарды мектепке чейинки билим берүү программасы менен камтууну 60% жеткирүүнү максат кылдык. Быйыл бул багытта чоң аракет жасалды. Биз “алдыга кадам” деген проект менен 500 бала бакча борборлорун ачуу боюнча дүйнөлүк банктын эсеби менен долбоорду жүргүзүп жатабыз. Бир жыл ичинде 500 балдар борборун тандап алып, буйрук менен алар бекитилди. Ал бала бакча борборлоруна 100 же 50 баланы камтуу максаты турат. Ушундай кадам менен 5 жыл ичинде 500 бала бакча борборлорун ачуу максатыбыз бар.
— 500 бала бакча борбору кайсы аймактарда ачылмакчы?
— Эгерде Нарын, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарын бирге эсептегенде бул жакта 220 бала бакча, ал эми Ош, Баткен, Жалал-Абадды бирге алганда бул жакта 280 бала бакча борбору болот деп пландалды. Бул чечим буйрук менен бекитилип, комиссия өз ишин алып барды. Эми инженерлер изилдөө иштерин жүргүзөт. Эгерде айрым имаратттар коопсуздук шартына дал келбесе, анда анын ордуна башка имараттарды издейбиз. Бул жылы декабрь айына чейин жок дегенде 100 бала бакча борборун ачсак деген оюбуз бар.
— Бала бакча борборлорунун кадимки бала бакчалардан кандайдыр бир айырмачылыгы болобу?
— Ооба. Балдар кадимки бала бакчадагыдай 10 сааттык режимде ал жерде болбойт. Бул борборлорго 3 сааттык толук кандуу программа боюнча билим алат. Бул өкмөткө дагы жеңилдик берет. Анткени, балдардын тамактануусу, балдарды кароо ал жерде каралбайт.
Касиет Кубанычбек кызы