Колду жуу — COVID-19 инфекциясын алдын ала турган эң жөнөкөй ыкмалардын бири. Мындан улам, калкты таза суу менен камсыз кылуу учурдагы маанилүү маселе. Июнь айында отуз миң адам санитардык ченемдер боюнча даярдыктан өтүп, мектептер суу менен камсыздалат.
Июнь айында жер-жерлерде отуз миң адам санитардык-гигиеналык ченемдерди туура сактоо боюнча даярдыктан өтүшөт. Ошондой эле мектептерде суу менен камсыз кылуу, санитария жана гигиена боюнча 23 объект толугу менен жабдылат.
Карантин аяктагандан кийин, миңдеген балдар мектептерге кайтат. Аларды коронавирус илдетин алдын алууга үйрөтүү эң маанилүү. Ошондуктан, суу менен камсыз кылуу, санитария, гигиена боюнча окуучулар комитеттерин түзүү, тазалык боюнча сынактарды, кыздар үчүн гигиеналык бөлмөлөрдү уюштуруу иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле, мектеп окуучулары үчүн колдун кирдегенин көрсөтүүчү интерактивдүү “Жаркырак микроб” оюну иштелип чыкты деп айтылат маалыматта.
Бул иш-аракеттер, Бүткүл дүйнөлүк банктын “Айылды таза суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү” долбоорунун негизинде ишке ашат. Долбоордун алкагында, айыл жашоочуларына кол жууй турган жабдыктар, самын, колду дезинфекция кылуучу каражаттар менен камсыздоо аракеттери да жүргүзүлөт.
Мындан тышкары, аталган долбоор алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 20 тонна кальций гипохлорит түрүндө колдоо көрсөтүлдү. Кальций гипохлорит ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгына жеткирилген. Ал азык-түлүк дүкөндөрү, банктар, райондук жана шаардык администрация мекемелери, дарыканалар өңдүү эл көп чогулган объектилер жана унаа жолдорун дезинфекциялоо үчүн түштүк аймактын облустары менен шаарларына бөлүштүрүлөт деп билдирет коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосу.
Белгилей кетсек, 2017-жылдан тарта АРИСтин «Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү» долбоору айылдардын жашоочуларынын суу менен камсыз кылуу, санитария жана гигиена кызматтарын алуу мүмкүнчүлүгүн жүргүзүп келет.
Касиет Кубанычбек кызы