Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинин ашканасы быйылкы окуу жылында жаңы эмеректер менен камсыз болот. Учурда ашканада эски жабдууларды чыгарып, жылуулук системасын орнотуу, оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.




Мектеп директору Ч. Рысбаеванын айтымында, ашканага жабдууларды БУУнун “Азык-түлүк программасы” долбоорунун негизинде коюлат. Долбоордун жалпы суммасы 1 миллион сом. Мектеп ашкананы өздүк салым катары толук ремонттон өткөрүп, даярдап берүүсү керек. Ал эми өздүк салымдын суммасы 500 миң сом. Ата-энелердин жардамы менен чогуган 75 миң сом да өздүк салымга жумшалат. Бул долбоордун арты менен кенже курактаы балдардын тамактануу шарты мурдагыга караганда бир топ жакшырат.
Даярдаган: Г. Мамытбекова