Айыл өкмөтүнүн айтымында мектептин спорт аянчасынын айланасы проектинин негизинде тосулууда. Дене-тарбия мугалими аянтчанын тосулуп жатканына кубанып жатканын айтты.
Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов атайын долбоордун негизинде тосулуп жаткан тосмо жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып өттү.
«Бул аянтчага 250 миң сом бөлүндү. Иштеген усталар атайын тендерден утуп алышкан», — деди айыл өкмөтү.
Жумушчу Адишев Нурбектин айтымында, тосмону бүтүрүүгө бир апта керектелген.
«Жумушту сегизинчи апрелде баштаганбыз. Толук бир жума иштедик. Буйруса бүгүн бүтөбүз», — деп маалымдады жумушчу Нурбек.
Мектептин дене-тарбия мугалими Шакир Аликуловдун айтымында, спорт аянтчасынын айланасы тосулбагандыктан булганыч абалда калчу.
«Аянтчага эшек, мал жандыктары кирип булгай берчү. Жада калса машиналар да өтүп, жолду бузуп өтөт. Аны биз аргасыздан окуучуларга тазалатып, оңдотчубуз. Эми окуучулар ойноочу жай таза жана тыкан турат», — дейт дене тарбия мугалими Шакир Аликулов.
Далбаев орто мектебинин директору Давлет Өмүрзакованын айтымында, аянтка жакын жашаган эл тосмолорун жылдырып алышкан.
«Тосмо жок айланада жашаган эл чек араларын жылдырып алгандыктан спорт аянтча кичирее баштаган эле. Тосмо тосулуп жатып кайрадан баары өз калыбына келтирилди», — деди Өмүрзакова.
Автору: Айсулуу Эркинбекова
Сынак үчүн
Телефондо жазылды